БАЛДАР ҮЙҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛДАР ҮЙҮ – ата-энеси жок жетим калган, ата-энелери укугунан ажыраган же ден соолугу начар, балдарын убактылуу бага албаган ж. б. орчундуу себептерден улам кароосуз, багуусуз калган балдарды тарбиялоочу мекеме. Кыргызстанда Балдар үйү 7 жашка чейинки жана мектеп курагындагы балдарды тарбиялоочу мекеме болуп бөлүнөт. Балдар үйү тибине жана укуктук статусуна ылайык бал­дар жашоочу жай, тамак-аш, кийим-кечек, да­рылоо, окутуп-тарбиялоо үчүн керектүү шарт­тар менен камсыздалат. Мектепке чейинки курактагы балдар Бишкек, Токмок шаарларындагы Балдар үйүндө атайы адистиги бар педагог, медицина кызмат­керлеринин камкордугу астында тарбияланып, 6–7 жаштан кийин мектеп курагындагы бал­дарга арналган Чүй облусунун Москва районундагы, Ош облусунун Кара-Суу, Баткен облусунун Кадамжай райондорундагы Балдар үйүнө тапшырылат. Балдар үйү кароосуз калган балдарга мамлекеттик деңгээлде кам көрүп, келечекте өз турмушунун ээси болууга, эмгек­тенүүгө даярдайт.