БАЛКАН ЖАРЫМ АРАЛЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛКАН ЖАРЫМ АРАЛЫ Европанын түш­түгүндө. Болгария, Албания, Грекиянын көп бөлүгү, Түркиянын европалык бөлүгү жана Румыния­нын түштүк райондору, Македония, Босния жана Герцеговина, Словения, Сербия жана Черногория, Хорватия жайгашкан. Аянты 505 миң км 2дей. Жер ортолук деңизге 950 км кирип турат. Адрия, Иония, Эгей, Мрамор, Кара деңиздери менен чулганат. Батыш жээктери булуң-буйткалуу, тик жана аскалуу, чыгышы жапыз, түз. Грекия­да Пелопоннес жана Халкидики ири жарым аралдары бар.

Адрия жана Эгей деңиздеринин жээктеринде арал­дар көп. Аймагынын көбүн анча бийик эмес Динара, Пинд, Серб тайпак тоолору, Стара-Планина, Родопи ж. б. тоолор ээлейт. Эң бийик жери 2925 м, (Мусала чокусу). Түздүктөр неги­зинен жарым аралдын чет-жакаларында (Ор­тоңку Дунай жана Төмөнкү Дунай түздүктөрү), тоо аралык ойдуңдарда (Жогорку Фракия, Фессалия ойдуңдары ж. б.), жээк бойлой жайгашкан. Климаты түндүгүндө жана чыгышында ме­лүүн континенттик, батышы менен түшгүгүндө суб­тропиктик жер ортолук деңиздик. Динара тай­пак тоосунун батыш капталына жаан-чачын көп (айрым жылдары Котор бухтасында 5000 мм ге чейин) жаайт. Башкы дарыялары: Дунай, Сага (Балкан жарым аралынын түндүк чеги), ошондой эле Марица, Морава. Ири көлдөрү: Скадар, Охрид, Преспа. Батыш жана түштүгүндө жер ортолук деңиздик бадалдар жана токой, түндүк жана чыгыш тоолорунда жазы жана ийне жалбырактуу, жалбырагы күбүлмө бадал токойлору өсөт. Карст процесси өнүккөн. Динара тайпак тоосунун айрым жерлеринде өсүмдүктөр өспөйт. Түздүктөрү айдалган. Ири шаарлары: София, Белград, Стамбул, Афины.

Б. Мудаева.