БАЛТАБАЕВ Мукаш Руставлетович
БАЛТАБАЕВ Мукаш Руставлетович (1921, Нарын облусу, Кочкор району, Кочкор айылы) - педагог, педагогика илимдеринин доктору (1976), профессор (1977), СССР педагогика ИАнын (1968), КР УИАнын корреспондент-мүчөсү (1993), КРдин эмгек сиңирген мугалими (1981). Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтун (1952), Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун аспирантурасын (1965) бүтүргөн. 1951-53-жылдарда Чүй орто мектебинде мугалим, директор, 1953-55-жылдарда Кыргызстан КП БКнын инструктору, 1955-64-жылдарда Кыргыз ССРи-

нин эл агартуу министрлигинде ЖОЖ бөлүмүнүн башчысы, Кыргыз кыз-келиндер педагогикалык институтунун проректору (1965-66), Кыргыз мамлекеттик университетинин педагогика кафедрасынын башчысы (1966-75), проректору (1975-80), Кыргыз педагогика илим-изилдөө институтунун директору (1981-84), орус тили ж-а адабияты педагогикалык институтунун кафедра башчысы (1984-90) болуп иштеген. Педагогиканын теориясы ж-а тарыхы боюнча адис. Педагогдук иши м-н катар жалпы орто билим берүүнүн илимий-педагогикалык маселелерине арналган изилдөөлөрдү жүргүзгөн. 120дан ашык илимий эмгектери бар. 1-даражадагы Ата Мекендик согуш ж-а «Ардак Белгиси» ордендери м-н сыйланган.
Эмг.: Развитие всеобщего среднего образования в Киргизской ССР. Ф., 1978; Кыргызстанда элге билим берүү иши 60 жылда. Ф., 1983; Антология педагогической мысли Киргизской ССР (авторлош). М., 1988.