БАЛТИКА ДЕҢИЗИ
БАЛТИКА ДЕҢИЗИ (байыркы славянча – Варяг деңизи) – Атлантика океанындагы материкке кирип жаткан деңиз, Түндүк жана Ортоңку Европанын жээктеринде. Россия Федерациясы, Латвия, Польша, Германия, Дания, Швеция жана Финляндия өлкөлөрү менен чектешет. Аянты 419 миң км2. Дания кысыктары аркылуу Түндүк деңиз менен туташат. Көлөмү 21,5 миң км3. Материктик тайыздыкта жайгашкан, басымдуу тереңдиги 40100 м, эң терең жери 470 м. Түндүк жээги аскалуу, негизинен шхер жана фьорд тибинде, түштүгү жана түштүк-чыгышы ойдуңдуу, кумдуу, лагуна тибинде. Жээги булуң-буйткалуу, эң терең булуңдары: Ботния, Финн, Рига, Курш, Щецин, Гдань. Аралдары: Аланд, Моонзунд, Борнхольм, Готланд, Эланд, Сааремаа, Хийумаа, Рюген. Балтика деңизине Нева, Батыш Двина (Даугава), Неман, Висла, Одра ж. б. дарыялар куят. Орточо температурасы кышында 1–3°С, жээгинде 0°Сден төмөн, жайында 18–20°С. Туздуулугу батышында 11‰, борбордук бөлүгүндө 6–8%,. Булуңдарында жана жээктеринде муз 16–45 күндөн (Дания кысыктары) 210 күнгө чейин (Түндүк Ботния булуңу) жатат. Шамалдын жана өзгөрүлмөлүү аба басымынын таасиринен деңиз деңгээли 1,5–3 м ге көтөрүлүп, булуңдарда суу ташкындайт (мисалы, Нева колтугунда). Суткасына эки жана бир жолу ташкындайт (0,04 м ден 0,1 м ге чейин). Балык (негизинен килька, салака, балтика трескасы) кармалат. Волга – Балтика суу жолу аркылуу Волга, Ак деңиз – Балтика каналы аркылуу Ак деңиз менен туташат. Антропогендик таасирден экологиялык абалы начарлап кеткен. Негизги порттору: Санкт-Петербург, Таллин, Рига, Лиепая, Калининград, Клайпеда, Гданьск, Гдыня, Щецин, Росток, Любек, Киль, Копенгаген, Мальмё, Стокгольм, Лулео, Турку, Хельсинки, Котка. Жээгинде Сопот, Юрмала, Лиепая, Колобжег, Устка, Херингсдорф ж. б. белгилүү курорттор жайгашкан.
Б. Мудаева.