БАЛТИМОР
БАЛТИМОР - АКШнын чыгышындагы ири шаар, Мэриленд штатында. Калкы 610 миң (2005; шаар айланасы м-н 2,5 млн). Атлантика океанынын Чесапик булуңуна Патапско дарыясы куйган жерде жайгашкан. Ири деңиз порту (жылына 30 млн т жүк ташылат). Темир ж-а автомобиль жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар (Балтиморду ж-а Вашингтонду тейлейт). Метрополитен 1682-жылы негизделген. 1729-жылы Мэриленддин губернатору лорд Сесил Балтимордун ысымынан аталган. 1797-жылдан шаар. 1789-жылы Балтиморго өлкөдө 1-жолу католик епархиясы ыйгарылган. 19-кылымдын башында кооздоп эмерек жасоо боюнча даңкталган. Балтимордон - Огайо шаарына АКШдагы алгачкы темир жол (1828-30) курулуп, 1897-жылы 1-ири металлургия заводу ишке кирген. 1904-жылы шаардын ишкер бөлүгү толугу м-н күйүп кетип, кайрадан салынган. Классицизм стилиндеги кафедралдуу Кудай Эне собору (1805-21) сакталган. 1970-80-жылдарда шаардын борбордук бөлүгү жаңыланып, архитектуралык комплекстер (анын ичинде Харбор-плейс) курулган. 1812-14- жылкы Англия - Америка согушунун катышуучуларынын, Ж. Вашингтондун эстелиги бар. Балтимор - өлкөнүн билим ж-а маанилүү илим-изилдөө борбору: Мэриленд ИА (1797), Ж. Хопкинс (1876), Мэриленд (1807), Балтимор (1925) ж. б. университеттер, консерватория (1868), искусство комплекси (1826), 60тан ашык лаборатория (башкы багыты - физика, океанология, океанография, фармецевтика, медициналык жабдуулар), Колумб борбору (1994, деңиздик биотехнология) иштейт. Мэриленд штатынын илимий борбору. Балтимор искусство (1914), Мэриленд тарых музейлери, Уолтерс сүрөт галереясы (1931), жазуучу Эдгар Понун үй-музейи (Балтимордо жашаган ж-а көмүлгөн), опера театры, шаардык симфониялык оркестр, океанариум бар. АКШнын түндүк-чыгышынын маанилүү өнөр жай ж-а соода-финансы борбору. Металлургия, химия, радиоэлектроника (анын ичинде согуш өнөр жайы үчүн жабдуу), электр-техника, авиаракета, автомобиль кураштыруу, нефть ажыратуу, тамак-аш, кеме куруу ж-а ремонттоо өнөр жайы, илимий өндүрүшү иштейт. Согуш-деңиз базасы бар.