БАЛТЫРКАН ЗАКАЗНИГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛТЫРКАН ЗАКАЗНИГИ - Чаткал кырка­ тоосунун түштүк капталындагы токою корулуучу аймак. Авлетим суусунун өрөөнүндө. Аянты 304 га. Корук. 1975-жылы Аксы районунун аймагында (Авлетим токой чарбасында) Теңир-Тоонун эн­демиги болгон көк карагай токоюн сактоо максатында уюшулган. Мында көк карагайдан башка теңир-тоо карагайы, жаңгак, ак чечек, алма, алча, шилби, табылгы, четин ж. б. өсөт.