БАЛЫКТЫ РОДОНИТ КЕНИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЫКТЫ РОДОНИТ КЕНИ Нарын облусунун Ат-Башы районунда, Нарын шаарынан 90 км аралыкта, деңиз деңгээлинен 28003400 м бийиктикте. 1982-жылы табылган. Өрөөндүн борпоң катмарларында, 1x1x1 см ден 5x5x10 см ге чейин болгон зергер­лик кооз таш - родонитти камтыган жумуру таштар кездешет. Родониттин өңү саргыч-жа­шылдан коюу жашылга чейин жана түссүз. Ро­дониттен кооз буюмдарды жасоого болот. Болжолдуу ресурсу 5,7 т.