БАЛЫКЧЫ
БАЛЫКЧЫ (1954–1989-жылдарда Р ы б а ч ь е, 1989–1992-жылдарда Ы с ы к – К ө л, 1992-жылдан адепки аты Балыкчы кайтарылган) – Ысык-Көл облусундагы шаар. Ысык-Көлдүн батыш жээгинде, деңиз деңгээлинен 1620–1640 м бийиктикте жайгашкан. Республиканын борбору Бишкек шаарынан 175 км чыгыш тарапта. Калкы 41,3 миң (2005). Шаар Ысык-Көлдүн жээгин бойлой 12 км ге созулуп жатат. Климаты континенттик, кургак. Январдын орточо температурасы –4°С...–6°С, жайы ысык, июлдун орточо температурасы 20°С. Жылдык жаан-чачын өтө аз (115 мм) түшүп, кышында кар жатпайт. «Улан» шамалы жылына орто эсеп менен 20–60 күндөй, айрым жылдары 40–100 күнгө чейин созулуп, ылдамдыгы 40 м/сек га жетет. Калкы көп улуттуу: кыргыз, орус, украин, казак, уйгур, татар, дуңган, өзбек ж. б. улут өкүлдөрү да жашайт. Ири ишканалары: «Ысык-Көл дан азык», «Алтын дан», «Каухар таш», «Ынтымак», «Калемгер», «Көк-Ойрок» акционердик коомдору. «Ак кеме» акционердик коому Кыргызстандагы суу транспорту үчүн кемелерди куруу жана оңдоо боюнча жалгыз ишкана. Шаар – автомобиль, темир жол, суу жолдор тоому. Балыкчы аркылуу Бишкек – Нарын – Торугарт, Бишкек – Каракол (Күнгөй жана Тескей аркылуу) мамлекеттик маанидеги автомобиль жолдору өтөт. Луговой – Бишкек – Балыкчы темир жолунун аяккы пункту. Нефть базасы иштейт. Ал Ысык-Көл, Нарын облустарын күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылат. «Кум-төр Оперейтинг Компани» ишканасын күйүүчү-майлоочу май менен камсыз кылуучу жаңы нефть базасы курулган. Көл аркылуу оор жүк ташуу кыскарган. Негизинен көлгө зыян келтирбеген жүктөр ташылат. Шаарда ири кампа, базалар да иштейт. Балыкчы социалдык-экономикалык институту (менчик), тогуз орто, башталгыч, спорт, музыкалык мектептер, бала бакча, үй-бүлөлүк тарбиялык борбор, мектепке чейинки пилоттук мекеме, кесиптик-техникалык окуу жайы, техникум, коллеж, 13 китепкана, 6 клуб бар. Шаардык оорукана, үй-бүлөлүк медицина борбору, тиш поликлиникасы, санитария-эпидемиологиялык станция, 3 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу иштейт.
К. Кулназарова.