БАЛЫКЧЫ БУЛУҢУ
БАЛЫКЧЫ БУЛУҢУ, К ө т м а л д ы б у л у ң у – Ысык-Көлдүн батыш бөлүгүндөгү эң ири булуң. Чырпыкты кыштагынан меридиан боюнча кеткен 100 м изобата сызыгы булуңдун табигый чыгыш чеги болуп саналат. Узундугу 34 км ге чейин, эң кууш жери Тору-Айгыр жана Туура-Суу жарым аралынын аралыгында – 13,5 км. Булуңду батышынан чектеген Балыкчы түздүгү саздак келип, кумдук чопо, шагыл таш тектеринен түзүлгөн; камыштуу. Түндүгүндөгү жана түштүгүндөгү аккумуляциялык жээктеринде чычырканак өсөт. Жарым чөлдүү жээгиндеги Боз-Бармак тоосунун чыгыш капталынан, 1620–1640 м бийиктен көлдүн жогорку деңгээлинин издери байкалат. Боз-Бармактын чыгыш уландысы кенен сайроон түрүндө суу астында жатат (10 м изобата сызыгы жээктен 3–5 км ге чейин жетет). Булуңга туруктуу суу куйбайт; мезгили менен гана Тору-Айгыр жана Туура-Суу сайларынан суу акканы байкалат. Мурда Чүй дарыясынын ийилген жериндеги саздак нук аркылуу Ысык-Көлгө суу куюп турган деген илимий болжол бар (кара: Бууган, Көтмалды, Ысык-Көл). Көлдүн деңгээлинин төмөндөшүнөн булуңдун аянты да кичирейүүдө; 1957-жылдан 1984-жылга чейин булуңдун суусу тартылып, кургактыкка айланган жердин аянты 10 км 2ге жеткен. Булуңдун таманында суу астындагы эки өрөөн (нук) бар, алар мурда көлдүн деңгээли 110 м тереңдикте болгон мезгилде жаралгандыгы аныкталган. Өрөөндүн бири Көтмалды нугунун чатынан башталып, булуңдун чыгышында 90 м тереңдиктен бүтөт. Анын эң жазы жери 600 м, чуңкурдугу башталышында 5–6 м, орто бөлүгүндө 20 м дей. Көтмалдынын нугуна суу астындагы өрөөндүн уланып жатышына байланыштуу айрым илимпоздор аны Чүй дарыясынын мурдагы нугу деп аныкташса, башкалары ал Ысык-Көлгө куйган өзүнчө суунун нугу деген пикирге келишүүдө. Экинчи өрөөн (нук) Туура-Суунун уландысы; ал 10 м тереңдиктен башталып, 120 м тереңдиктен бүтөт; туурасы 1,0–1,2 км, чуңкурлугу 40 м ге чейин. Булуңдун аймагы Ысык-Көл өрөөнүндөгү эң кургакчыл жер болгондуктан мында буулануу да кескин жогору (жылына 900 мм ден ашык). Балыкчы булуңуна саат жебесинин багытына каршы аккан өзүнчө циклондук суу айлампасы мүнөздүү. Август-октябрь айларында батыштан соккон «улан» шамалынан кийин саат жебеси боюнча аккан антициклондук циркуляция агымы пайда болот; шамалдын таасиринен булуңдун деңгээли 30 см ге чейин өзгөрүп (тартылуу, көтөрүлүү толкундары), шамал басылгандан кийин мезгил-мезгили менен сейши кубулушу байкалат. Булуңдун түбүндө (3540 м тереңдикте) негизинен «хара» балырлары өсөт. Бул балырлар чирип, күкүрттүү суу тек жыттанган автохтон кара баткагын пайда кылат. Баткактын запасы мол болгондуктан, дарылоодо жана чарбада (жер семирткич катары) мааниси зор. Чабак, сазан, каңылтыр, ошондой эле жылтыр балыктары бар. Жээгинде Балыкчы шаары жана кеме турак жайгашкан.
Ад.: Приозёрная зона озера Иссык-Куля. Ф., 1979.
С. Өмурзаков.