БАЛЫК ЗАВОДУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЫК ЗАВОДУ– балык өстүрүүчү ишкана. Анда балык урук таштоочу, инкубациялык, чабак өстүрүүчү, тоют даярдоочу цехтер болот. Анын структурасы балыктын түрүнө андан алынуучу продукцияга жараша түзүлүп, аны курууда ошол жердеги суунун сапатына көңүл бурулат. Балык урук чачуучу мезгилине чейин өзүнчө кармалып, жетилгенден кийин уруктан­дырылат. Чабак бассейндерде жана жасалма көлмөлөрдө өстүрүлөт. Аларды тоюттандыруу үчүн атайын курттар, суу бүргөлөрү көбөйтүлүп, көк боор, сөөк уну жана тууралган балык эти пай­даланылат. Ысык-Көлдөгү Тоң заводунда жилин­гир (форель) балыгы өстүрүлөт.