БАЛЫК КӨЛМӨСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАЛЫК КӨЛМӨСҮ - балык өстүрүүчү табигый же жасалма көлмө. Ал чарбанын суу тосууга ылайыктуу жеринде болот. Жылуу сууда жашоочу балыктар үчүн көлмө шалбаа же саздуу жерге курулуп, жылуу көл суусу ж-а өзөн суусу пайдаланылат. Ал эми муздак сууда жашоочу балыктар өстүрүлүүчү көлмө кыртыштуу, органикалык заттары аз жерге жайгаштырылып, булак же арык суусу м-н толтурулат. Көлмө суу м-н толтурулуп же суусу алмаштырылып турууга ылайыкталып, ага суу агызгыч орнотулат. Ага балыкты чыгарбоо, башка балыкты киргизбөө үчүн калканч тор тосулат. Балык уругун таштоочу, чабак өстүрүүчү ж-а кыштоочу көлмөлөр да болот. Көлмөнүн жээгине көлөкө болбосун үчүн өсүмдүк өстүрүлбөйт ж-а ылай суу м-н агындыдан тазаланып турулат.