БАЛЫК МАЙЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАЛЫК МАЙЫ (Оlеum jaecoris Аsеll) – трескалар тукумундагы балыктын боорунан алынат. А, Д витаминдери болот. Медицинада колдонулуучу балык майы итий, остеомаляция, анемия ооруларында, ошондой эле ар кандай жараатта, күйүктө дары катары жана тамак-аш өнөр жайында пайдаланылат. Техникада колдонуучу балык майы – куйкум жыттуу, сары же күрөң суюктук. Бул май балык калдыктарын кайра иштетүүдөн алынып, булгаары чыгаруу жана самын кайнатуу өнөр жайларында колдонулат. Төлдүн, жөжөлөрдүн бат торолушу үчүн жемге аралаштырылып берилет жана малдын итий, ксерофтальмия ж. б. илдетин дарылоодо да пайдаланылат.