БАЛЫК УНУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЫК УНУ - кургатылган балык же балык азык калдыктарынан майдаланып (тартылып) даярдалган тоют. Балык унунда протеин (60%ке чейин), кальций, фос­фор, А, Д, В витамин­дери көп. Анын сапа­ты майлуулугуна жа­раша болот. Өтө май­луу (18%тен ашык) балык уну көпкө сакталбайт, аны жеген малдын эти м-н сүтү балык жытта­нып калат. Анда 47% протеин, 18%ке чейин май, 5% кайнатма туз, 30% фосфор кычкыл кальций болот. Балык уну негизинен музоо, чочко, тоок, уйга берилип, аралаш тоюттун баа­луу кошулмасы болуп саналат.