БАЛЫК ЧАРБАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЫК ЧАРБАСЫ – айыл чарбасынын балык өстүрүүчүжана аларды көбөйтүп, тукумун жак­шыртуу ишин жүргүзүүчү тармагы. Табигый жана жасалма көлмө балык чарбасына бөлүнөт. Табигый көлмө балык чарбасы дарыя, көл, суу сактагыч жана деңиз­де балык запасын көбөйтөт. Азыркы балык чарбасы балык өстүрүүчү көлмөнү мелиорациялоо жана ба­лыктын жаңы түрүн байырлаштыруу иштери менен бирге комплекстүү жүргүзүлөт. Мелиорация­нын натыйжасында балыкты табигый көбөйтүү шарты жакшырат, урук чачуучу жайларда ту­руктуу суу режими түзүлөт. Колдо өстүрүү максатында көл жээктерине балык заводдору курул­ган. Алар урукту инкубациялоо жана табигый көлмөлөргө коё берилүүчү майда балыктарды чоңойтуу ж. б. иштер жүргүзүлөт. Севан көлүнөн (Армения) Ысык-Көлгө алынып келген жилин­гир (форель) балыгы жакшы байырланып, ай­рымынын салмагы 24 кгга чейин жеткен. Токто­гул, Киров ж. б. суу сактагычтарында балык чарбасы өнүгүүдө. Балыкты тоюттандыруу, өстүрүү, көлмөнүн азыктуулугун арттыруу ж. б. маселе­лерди атайын илимий-изилдөө мекемелери иштеп чыгат.

Ад.: Иманов Ж. Кыргызстандын балык чарбасы. Ф., 1980; Таиров М. Т. Рыбоводство и рыболовство. А.-А., 1985.