БАЛЫК (байыркы түрк тилинде «шаар»)
(БАЛЫК 1 барагынан багытталды)
БАЛЫК - байыркы түрк тилинде «шаар» деген маанини билдирген түшүнүк. Байыркы түрк руна жазууларында, М. Кашкаринин «Диван лугат ат-түрк» эмгегинде эскерилген. Байыркы энчилүү аттарда көп учурайт: Беш-Балык (Чыгыш Түркстанда), Хан-Балык (Пекин шаарынын байыркы түркчө аталышы) жана башкалар.