БАЛЫРЛАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЫРЛАР (Аlgае) – көбүнчө сууда өсүүчү, хлорофилл ж-а пигменттери бар автотрофтуу, жө­нөкөй түзүлүштүү өсүмдүктөр. Аларда негизги

Балырлар: 1 – та­рамдуу филлофора; 2 – ульва; 3 –кант­туу ламинария; 4 – саргассум; 5 –ка­димки хара.

вегетация органдары (жалбырак, сабак, тамыр) болбойт. Денеси таллом деп аталат. Микроскоп менен гана көрүнгөн түрлөрү, 40–50 м ге жеткендери да бар. Алар – бир жана көп клетка­луу, клеткасыз, ошондой эле жөнөкөй жипче же пла­стинкалардан турган татаал түзүлүштүү өсүм­дүктөр. Океан, деңиз, көл, агын сууларда 50 миңге, Кыргызстанда 1 миңге жакын түрү – хара, диатом ж. б. бар. Айрым түрлөрү нымдуу топу­ракта да кездешет. Алар жыныстык, жыныс­сыз, вегетативдик жол менен көбөйөт. Өз дене­синде органикалык заттарды пайда кылып, көмүр кыч­кыл газын бөлүп чыгарат. Балык ж. б. суу жа­ныбарларына тоют, ошондой эле жер семирткич катары колдонулат. Көпчүлүгүнөн йод, калий туз­дары, целлюлоза, спирт, уксус кислотасы ж. б. алы­нат. Айрымдары тамак катары да пайдала­нылат.