БАЛЬЦЕРОВИЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛЬЦЕРОВИЧ Лешек (1947-жылы туулган) – польша­лык экономист жана мамлекеттик ишмер. 1989–1992-жылдарда Польшанын финансы министри. Анын демил­геси менен Польшада рынок экономикасын түзүү боюнча реформалар жүргүзүлгөн. Реформалар эркин соода жүргүзүү, валюта алмаштыруу жана бааларды либералдаштыруу чараларын камты­ган. Анын жүрүшүндө келип чыккан баалардын кескин жогорулашы жана инфляция поляк элинин абалын оорлоткон. 1992-жылы Польшанын президенти Лех Валенса өз өкмөтүнүн популяр­дуулугун сактап калуу үчүн аны отставкага ке­тирүүгө аргасыз болгон. Ага карабастан Бальцерович баш­таган реформалар оң натыйжаларды берип, өлкөнүн экономикасы өнүгө баштаган. Рынок экономикасына өтүүнүн польшалык үлгүсү дүй­нөлүк коомчулук тарабынан таанылган. Экономиканы реформалоонун мындай жолу кийин «шок терапиясы» деген атка ээ болгон.