БАЛ ААРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛ ААРЫ (Аріs mеlliіfега), б а к м а а а р ы - жаргак канаттуулар түркүмүнө кирүүчү аарынын уюк-уюк болуп жашоочу түрү. Дүйнө жүзүндө түштүк кеңдиктен түндүккө чейин кеңири тараган. Аары уруусуна бакма аарынын 3 түрү (ири, кидик ж-а индия) кирет. Алар Түштүк Индия, Шри-Лан­ка ж-а Түштүк Азия аборигендери болуп эсепте­лет. Аары бакма түрүндө Индияда, Кытайда, Японияда, Ыраакы Чыгышта асырала баштаган. Алар эне аары (ургаачысы), эркеги - «жатып ичер» ж-а жумушчу (өрчүп жетилбеген ургаа­чы) болуп бөлүнөт. Ар уюкта бирден эне аары, эркеги (200гө чейин) ж-а 40-60 миң (кышында 10-15 миң) жумушчулары болот. Эне аарынын денеси 20-25 мм, жыныс органы жакшы өөр­чүгөн. Ал тукумдоо кызматын гана аткарат. Эне аары 5 жылдай жашайт, 3 жаштан кийин жу­муртка таштоосу азаят, ошондуктан бал челек­чи уюкту (бал челекти) жаш эне аары м-н то­луктап турат. Бал жыйноо, уюкту таза сактоо, тоюттандырууну жумушчусу аткарат. Бал аары түрдүү гүл ширесин чогултуп, аны жемсөөсүндө балга айландырат да, уюктагы мом чөнөктөргө жыйнайт. Аары Кыргызстанда эгилме ж-а жапайы өсүмдүктүн 200дөй түрүнөн (негизинен эспарцет, беде, акация, тал, кара жыгач, өрүк, кара өрүк, алма, алмурут, күн карама, пахта, четин ж. б.) бал ширесин чогултат. Кыргызстандын шартында ар уюктан сезондо 30-50 кг бал, 1 кг мом ж-а жаш уюк бөлүп алынат. Ал эми ар бир уюк кыш бою азык үчүн 20-25 кг бал керектейт. Чүй өрөөнү м-н Ош облусунда жазда бал челектер бак ичине жай­гаштырылып, кийин эспарцет ж-а пахта талаа­ларына жакын өрөөнгө же жайытка коюлат. Кыргызстанда 73312 бал челек бар (2005). Республиканын шартында тоочул кавказ аарысын көбөйтүү ыла­йыктуу. Аарынын илдеттери: нозематоз, аспергиллез ж. б. Бал аарыдан балдан тышкары мом, прополис, аары уусу, аары сүтү алынат. Ош, Талас ж-а Ысы-Көл облустарында бал аарычылыгы жакшы өнүккөн.
Ад.: Халифман И. Пчёлы. 4 изд. М., 1963; Караваева Р. П., Новиков В. Ф, Яковлев В. Г. Пчеловодство Киргизии, перспективы его развития. Ф., 1967; Мах­машарипов С. Бал өстүрүүчүнүн справочниги. Ф., 1984.