БАЛ АЧУУ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛ АЧУУ , д а л ы а ч у у - койдун далы­сын, ташты, күзгү ж. б. пайдаланып, боло турган окуяны алдын ала көрө билүү ишеними. Та­рыхый-этнографиялык маалыматтарга караганда кара кытайлар (кидандар) жортуулга жөнөрдө ак койдун далысын отко күйгүзгөн. Эгер далы жа­рылып кетсе жортуулга чыккан, жарылбаса чыккан эмес. Мындай ырым-жырым «Манас» эпосунда да кездешет. Анда кыргыздар далыны жөн эле карап көрүп, алдыда күтүп турган окуя­ларды билишкен делет. Бал ачуу ырым-жырымы чыгыш элдеринде (түрк, монгол, кытай ж-а кал­мак) кеңири таралган ж-а бөтөнчө өркүндөөгө, магия деңгээлине жеткен. Бүгүнкү күндө да кыргыздарда Бал ачуунун бир түрү - 41 таш м-н төлгө салуу ырымы сакталып калган.