БАЛ ТАРТКЫЧ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАЛ ТАРТКЫЧ – бал тартуучу курал. Аны че­хословакиялык бал челекчи – конструктор Груш 1865-жылы ойлоп чыгарган. Анын бир нече түрү бар. Бал тарткыч кашектүү, айланган барабандуу че­лектен жана кыймылга келтиргичтен турат. Бал челектин уячаларынын оозу ачык балдуу рамкалары кашекке орнотулат. Барабан айланган­да челектин бооруна бал чачырап, түбүнө жы­йылат да, чоргодон тышка агат. Демейде челе­гинин бийиктиги 820 мм, диаметри 600 мм, иди­шине 30 л бал батат. Азыр электр менен кыймылга келтирилүүчү бал тарткыч бар.