БАМИАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАМИАН - Афганстандын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Бамиан провинциясынын административдик борбору. Калкы 125 миң (2005). Баба кырка тоосунун түндүк этегинде, Бамиан дарыясынын (Кундуз дарыясынын алабы) боюнда, деңиз деңгээлинен 3000 м ден ашык бийиктикте, Кабул шаарынан 130 км түндүк-батышта жайгашкан. Биздин замандын I кылымынан белгилүү. Байыркы кытай жаз­маларында V кылымдан эскерилет. Арабдар жеңген­ге чейин (VII кылым) буддизмдин маанилүү борбору болгон. Шаарга жакын аскага оюлган будда монастырь комплекси (IVIII кылымдар) сакталган. 2000ден ашык үңкүр (чиркөө, үжүрө, чогулуш бөлмөлөрү жана башкалар) тепкич жана өткөөлдөр аркы­луу байланышып, Будданын статуялары, сүрөттөр жана ташка чегилген орнамент менен кооздолгон.

Будданын зор скульптуралык сүрөтүнүн бири.

Өзгөчө Будданын эки эң зор скульптуралык сүрөтү (бийиктиги 35 жана 53 м, IIIII кылымдар жана V кылым) белгилүү болгон. (2001-жылы мартта талибдер толугу менен талкалаган). Шаар Бут­кул дуйнөлук мурастын тизмесине кирген. Тарыхый-этнографиялык музей бар.

Р. Карачалова.