БАНАН
БАНАН (Миsа) - өсүмдүктөрдүн банандар тукумунун уруусу. Көп жылдык чөп, тамыры жоон, сабагы кыска, жалбырагы чоң, чанда бийиктиги 15 мге жетет. Бир ж-а кош жыныстуу гүлү чоку топ гүлгө чогулган. Мөмөсү - көп уруктуу жемиш, сүйрү, үч кырдуу, курамында кант, крахмал, протеин бар. Мөмө байлагандан кийин, жер бетиндеги бөлүгү куурап, тамырынан жалган сөңгөк өсүп чыгат. Күрдүү жерде жакшы өсөт, органикалык семирткич м-н кошумча азыктандырганда бир түбүнөн 50-60 кг түшүм алынат. Анын 40тан ашык түрү тропиктик Африка, Азия, Австралияда ке-

зигет. Эгилме банандын мекени - Индия. Техникалык банан текстиль өнөр жайында пайдаланылат, андан бышык кездеме токулат, аркан, тор, жип ж. б. буюм жасалат. Кавказдын Кара деңиз жээгинде, Түштүк Крымда кооздук үчүн атайын өстүрүлөт. Банан кургатылган ж-а жаңы бойдон тамак-ашка колдонулат.