БАНГАЛОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАНГАЛОР , Б а н г а л у р, Б е н г а л у р у - Индиянын түштүгүндөгү шаар. Карнатака шта­тынын административдик борбору. Калкы 4,9 млн (2005; шаар айланасы м-н 6,1 млн). Калкынын саны боюнча өлкөдөгү 3-шаар. Декан бөксө тоосунда, 900 м бийиктикте жайгашкан. Жолдор тоому. Аэропорту бар. 1537-жылы негизделген. Шаарда Гави Гандхарешвара ж-а Басаван аска бетине салынган храмдар (16-кылым), Ыйык Мария (1875-82), Ыйык Андрей (1867), Ыйык Франциско Ксаверия (1911) чиркөөлөрү сакталган. Бангалор - Түштүк Индиядагы кришнаиттер кыймылынын (Кришна храмы, 1997) чордону. Өлкөнүн ири өнөр жай, илимий ж-а маданий, 1969-жылдан космосту изил­дөөнүн индустриялык борбору. Илим-изилдөө институтта­ры, университет (1964), айыл чарба университети (1964), Индия илимий институту (так ж-а техника илимдери; 1909), борбордук китепкана (1914), мамлекеттик музей (1866) бар. Эл а­ралык авиа космос техникасы көргөзмөсү (2 жылда 1 жолу) өткөрүлүп турат. Станок ж-а авиа куруу заводдору, электр-техника, фармацевтика, тамак-аш, текстиль (жибек, кебез-кездеме өнөр жайынын борбору), жыгаччылык өнөр жай­лары бар.