БАНГКОК
БАНГКОК – Таиланд мамлекетинин борбор шаары. Калкы 6,7 млн (2005; агломерациясында 9,0 млн). Түштүк Кытай деңизинин Сиам булуңунан 30 км, Чаупхрая (Менам дарыясынын куймасы) боюнда жайгашкан. Өлкөнүн негизги деңиз

жана дарыя порту (жылына 50 млн т жүк ташылат). Жолдор тоому. Эл аралык аэропорту бар. XVI кылымдагы кыштактын ордуна 1782-жылы Пья Чакри (Рама I деген ат менен такка отурган) тарабынан негизделген. Тайлар Крунг- Тхеп («Периштелер шаары») деп аташкан. XVIII кылымдын аягынан ири соода жана маданий борборго айланган. Рама II (1809–1824) жана Рама III (1824–1851) бийликте турган мезгилде көптөгөн будда храмдары (ваттар), мектептер, китепканалар, ооруканалар жана каналдар курулган. Шаардын жаңы көрүнүшү Рама IV (1851–1868) жана Рама V Чулалонгкорндун (1868–1910) тушунда түзүлгөн. Алар шаарды жашылдандырып, жолдор түйүнүн курдурткан. 1900-жылы 1-темир жол ишке киришкен. Улуттук зодчийликтин эстелиги болгон 400гө жакын монастырлар (ваттар) бар. Дарыянын оң жээгинде, Арун ватында («Күн чыгыш» храмы) бийиктиги 74 м болгон, фарфордун кесектери менен кооздолгон мунара сыяктуу силуэт (ыйык Меру тоосунун өзү) – борбордун архитектуралык символу. Ал эми дарыянын сол жээги – тарыхый бөлүгү (Раттанакосин) королдор сарайын, храмдарды (анын ичинен Пхракэу ваты же «Зымырыт будда» храмы, XV кылым) камтыйт. Чакри король династиясынын колодон жасалган скульптуралары Пхракэу ватында жайгашып, галереянын дубал тосмолору «Рамаяна» темасында кооздолгон. Пхо ватында Будданын алтындын буусуна кармалган 45 метрлик (жаткан) статуясы (XIX кылым) бар. Пхуттхаисаван храмындагы алтарь Будданын колодон жасалган скульптурасы (XIII кылым) жана дубалга тартылган живопись (XVIII кылым) менен кооздолгон. Ошондой эле XVIII–XIX кылымдардагы храм жана сарай курулуштары, Чакри король сарай комплекси (Махапрасат, XVIII кылымдын башы - XX кылым), Сиамда монументалдык эстеликтер (король Чулалонгкорндун атка мингизилген) сакталган. Улуттар үйү (XX кылым), отеллдер, 20дан ашык илимий коомдук ассоциациялар, илим-изилдөө институттар (анын ичинен Король институту, 1933, жана башкалар), улуттук китепкана, музейлер, XIX кылымдын турак-жайлары, сүрөт галереясы, улуттук театр, планетарий, зоопарк, парк бар. Ботаника бак экспозициясы уюшулган. Бангкокто - Азия оюндары (1966, 1978, 1998) өткөрүлүп турат. Бангкок – өлкөнүн финансы жана өнөр жай борбору. Нефть ажыртуу, жыгаччылык, химия, фармацевтика, электр техника, кагаз, металл иштетүү, күрүч актоочу өнөр жайлары иштейт. Автомобиль чогултулат. Кеме верфи бар. Көркөм кол өнөрчүлүк (күмүш, жыгач, карапа буюмдар) өнүккөн.