БАНГЛАДЕШ PART2

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
Бангладеш акчасы.

Жылына 2–3 жолу түшүм алынат. 2004-жылы 37,9 млн тонна шалы (акталбаган) даярдалган. Ошондой эле жүгөрү, арпа, буудай, буурчак (жылына 500 миӊ тонна нут, машак жана башка), май берүүчү өсүмдүктөр (0,5 млн тонна кычы, рапс, кунжут, жер жаӊгак), картошка (4 млн тоннага жакын) айдалат. Банан (700 миӊ тоннага жакын), тропик жемиштери, татымалдар (300 миӊ тоннадан ашык), жашылча (1,5 млн тонна), бал камыш (7–7,5 млн тонна жашыл масса), пахта (14–16 миӊ тонна) өстүрүлөт. Бангладеш – чай өндүрүү боюнча алдыӊкы 10 өлкөнүн катарына кирет. Чай плантациялары негизинен чет элдик компаниянын (Улуу Британия) көзөмөлүндө. Мал чарбасы анча өнүккөн эмес. Бодо мал негизинен унаа катары пайдаланылат. Эт, сүт жана булгаарыны эчкиден алат. Балык (350 миӊ тоннадан ашык, бир азы экспорттолот), креветка (тоӊдурулуп экспорттолот) кармалат.
Негизги транспорту болгон ички суу жолунун узундугу 8,4 миӊ километр (2004). Башкы дарыя порттору: Дакка, Нараянганж, Чандпур, Барисал, Кхулна. Темир жолунун узундугу 2,7 миӊ километр (2004; а. и. 1,8 миӊ километр кууш колеялуу), автомобиль жолунуку 207,5 миӊ километр (1999; а. и. 19,8 миӊ километр асфальтталган). Жаанчыл мезгилде жолдорунан машина өтүүгө мүмкүн эмес. Газ куурунун узундугу 2012 километр (2004). Ири деӊиз порттору: Читтагонг (жылына 15 млн тонна жүк ташылат) жана Мунгла (5 млн тоннага жакын). Дакка шаарында эл аралык аэропорт, «БИМАН» авиакомпаниясы иштейт.
Сыртка тигилүү кийим, жут жана андан жасалган буюмдарды, булгаары, балык, деӊиз азыктары, чай, минералдык жер семирткичтер, жемиштер чыгарылат. Сырттан машина жана анын жабдууларын, химикаттарды, кара металл, текстиль буюмдарын, азык-түлүк, нефть, нефть продуктуларын, цемент, пахта алат. Негизги соода шериктери: Индия, КЭР, Сингапур, Япония, АКШ, Германия, Улуу Британия, Франция.

Маданияты.


Бенгал тилинде эӊ байыркы жазма эстеликтери сакталган. Орто жана жогорку билим берүүнү Агартуу министрлиги, ал эми башталгыч билимди муниципалдык башкаруу органы жүзөгө ашырат, ошондой эле Мадрас билим берүү башкармалыгы алдында ислам мектептери бар. Азыркы билим берүү системасы британиялык жана индиялык моделдин негизинде куралган жана 5 жылдык милдеттүү башталгыч билим берүү, толук эмес (6–10-класс), толук (11–12-класс) орто жана жогорку билим берүүнү камтыйт. Калкынын (15 жаштан жогоркусунун) 57%и билимсиз (аялдар 68,2%; 2003). 11 мамлекеттик, 20 менчик окуу жайы бар. Ири университеттери: Дакка (1921), айыл чарба (1961, Майменсингх шаары), инженердик-технологиялык (1962, Дакка), Читтагонг (1966). Илимдер академиясы (1973), Борбордук калк китепканасы (1958), Улуттук китепкана (1958), ошондой эле Улуттук (1913, Дакка), искусство жана археология (1927) музейлери бар. Мезгилдүү басма сөзү өнүккөн. Бенгал жана англис тилинде китеп, гезит-журналдар чыгарылат. «Бангладеш Бетар» мамлекеттик. радиосу 7 тилде уктурулат (Европа, Пакистан, Индия мамлекеттери боюнча). Телекөрсөтүүсү «Бангладеш телевижен» мамлекеттик телекомпаниясы, ошондой эле менчик спутниктик жана кабелдик телеканалдары иштейт. Ал эми оозеки адабияты бенгал тилинде өнүгүп, мусулман маданияты менен тыгыз байланышта болгон. XVI–XVII кылымдарда лирика жанры өкүм сүргөн. Орто кылымда кудайлар (Моноши, Чонди) жөнүндө дастандар айтылган. XIX кылымдын башында диний-мифологиялык сюжетти философиялык поэзия сүрүп чыгарып, проза жанры пайда болгон. Роман, повесть, аӊгеме, драмалар жазыла баштаган. XV–XVIII кылымдарда бенгалдык мусулмандар бенгал тилинде араб жана перс көркөм чыгармаларын айкалыштырган поэтикалык чыгармаларын жаратышкан жана көркөм чыгармаларында байыркы улуттук үлгүлөргө көбүрөөк көӊүл бурулган. XIX кылымда бенгал мусулмандары индустардан айырмаланып, көркөм чыгармаларында эски улуттук салтын сактаган. XX кылымдын 1-жарымында алгачкы мусулман авторлордон Назрул Ислам чыккан. Ошондой эле Абдул Фазл, Маник Богдапаздхай, Жошим Уддин сыяктуу акын-жазуучулар чоӊ салым кошкон. Чыгыш бенгал фольклорун изилдөөчү Жасимуддин элдик ыр-күүлөрү менен таанымал, Суфия Камал аялдардан чыккан 1-акын, ал ырларын Р. Тагордун поэзиясына таасирленип жазган. 1940-жылы Пакистан мамлекетин түзүүгө катышкан кээ бир мусулман акындар (акын Фаррук Ахмад жана башка) чыгармаларынын сюжеттик, стилдик өзгөчөлүктөрүнө басым жасашкан. 1947-жылдан бенгал адабияты өз алдынча өнүгүү жолуна түшкөн. Бенгал аймагында VII–XII кылымга таандык искусство эстеликтери сакталган, алар Пундранагара (Махаст Бангладеш хан) шаарынын калдыктары, Пахарпур, Майнаматидеги культтук сюжеттеги терракот рельефтүү, таш жана коло скульптуралуу будда монастырлары. XII кылымдын аягында XIII кылымдын башында Бангладеште ислам дининин жайылтылышы, бенгал маданиятына Орто Азия, Жакынкы Чыгыштын мусулмандык идеяларынын кириши сыйынуу жайларынын (мечит, мунара, медресе) курулушуна жана көркөм чыгармалардын жаралышына таасирин тийгизген. XVI–XVII кылымдарда негизинен могол миниатюрасы мектебинин таасири менен миниатюра жазуу искусствосу өнүккөн. Англиянын бийлиги мезгилинде салттуу курулуштар менен катар неоклассицизм стилиндеги курулуштар (темир жол вокзалдары, банк жана башкалар) курулган. XX кылымдын 2-жарымында архитектуралык салттык өзгөчөлүктөрдү айкалыштырган көп кабаттуу турак-үйлөр курула баштаган. Дакка монумент имараттарга бай маданий борборго айланган. Ошол эле мезгилде сүрөт өнөрү өнүгүү жолуна түшкөн. З. Абедин, А. Сафиуддин, К. Хасан жана башка живописчилер, графиктер жөнөкөй адамдардын турмушун чагылдырган европалык реализм багытындагы чыгармаларын жараткан. Байыркы монументалдуу живописке жана моголдук миниатюраларга басым жасалган (Батыштын искусствосу живописчилер М. Башира, М.Кибрияга жана график К. Чоудхуриге таасирин тийгизген). Көркөм-жасалга өнөрүндө негизинен жыгач, пилдин сөөгүн, карапаны көп колдонушат.
Бангладештин м у з ы к а с ы түндүк индиялык (негизинен Бенгалиянын) музыкалык салттык маданияты менен тарыхый байланыштуу. Бир нече кылымдар бою Бангладеш индуизм жана буддизмден таасирленип өнүккөн. VII–XIII кылымдарда Бангладеште ислам маданиятынын өсүшүнүн таасири астында классикалык вокалдык стилдер калыптанган. XIII кылымдан баштап Бангладеш музыкасы Түндүк Индия салтындагы хиндустан нугунда өөрчүй баштаган. XVIII–XX кылымдарда Хиндустан маданиятындагы жеӊил классикалык стили калыптанган. XX кылымдын классик ырчыларынын бири – Бегум Акхтар болгон. Кийин (англиялык колония учурунда) европалык музыка элементтеринен таасирленген. Бангладештин музыка маданиятынын өнүгүшүндө бир нече ырлардын автору, музыкант Бангладештин музыкасына ислам музыкасынын элементтерин киргизип, «назрулгити» стилин жараткан Назрула Ислам (1899–1976) зор салымын кошкон. XXI кылымдын башында белгилүү акын Р. Тагордун ыр мурасы таанылган. 1947-жылы патриоттук ырлар өнүгүп, элге кеӊири таралган. 1960-жылдары киномузыка жаралса, ал эми XX кылымдын аягында популярдуу музыка кеӊири жайылган. Дакка шаарында Улуттук көркөм искусство академиясы жана «Шилпакала» маданият борбору, Назрула Ислам академиясы (1964) иштейт. 1947-жылдан музыка маданиятынын исламдашуусу күчөгөн. 1970-жылдары элдик музыкага өзгөчө мамиле жасалган.
Бангладеш көз каранды эместигин алгандан кийин т е а т р, к и н о тармагы өнүгүү жолуна түшкөн. 1994-жылы Дакка шаарында Азия борбордук театры ачылган, кийин 1996-жылы репертуардык театр – Бангладештеги 1-профессионалдык труппа түзүлгөн. 1955-жылы Дакка киностудиясы негизделген. Негизинен мелодрама жанры басымдуу. «Сиражу Дола» (1968, режиссёру Х. А. Рахман), «Турмуш чындыгы» (1972, режиссёру З. Райхан) аттуу тасмалар пакистандык бийликти сындаган. 1970–1990-жылдары Кино социалдык маселелерге, ошондой эле эркиндик үчүн күрөшүүгө багытталган. «Дагы эле түн» (1972), «Жашоого кайрылуу» (1973, режиссёру Х. Рахман) «Асман менен жер ортосунда» (1974, режиссёру С. Датта), «Чексиз жол» (1978), «Ачкачылык» (1986, режиссёру А. Хусейн); «Кырсык» (1985, режиссёру Ш. Ниамат) жана башка белгилүү кинолору бар. «Топурактан жасалган таан» (2002, режиссёру Т. Масуд) тасмасы эл аралык атак алган.
Ад.: Тринич Ф. А. Бенгалец. М., 1974; Страны и народы: Зарубежная Азия. Южная Азия. М., 1982; Пучков В. П. Политическое развитие Бангладеш, 1971–1985. М., 1986; Пакистан. Справочник. 3-е изд. М., 1991; Бангладеш//Энциклопедия стран мира. М., 2004.