БАНДАЖ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БА́НДАЖ (фр. bandage – байлоо) м е д и ц и н а д а – чуркуну жабуу, булчуӊдарды чоюлуудан сактоо жана ички органдарды керектүү абалда кармоо максатында колдонулуучу таӊгыч. Пайдаланышына жараша дарылоочу жана алдын алуучу болуп бөлүнөт. Алдын алуучу бандажды кош бойлуу жана төрөгөн (курсак булчуӊу начар) аялдар киет, ошондой эле операциядан кийин (курсак чуркусун алдын алуу үчүн) пайдаланылат. Төрөткө чейинки бандаж баланын өсүшүнө жараша кеӊейтүүгө ылайыкталып жасалат. Аны эртеӊ менен төшөктөн турарда кийүү керек. Төрөгөн аял бандажды врачтын кеӊеши менен үч айга чейин кийүүсү зарыл, себеби курсак булчуӊунун жыйрылышы үч айга созулат. Дарылоочу бандаж врачтын кеӊеши менен курсак органдарынын (карын, ичеги, бөйрөк) салаӊдап кетишине каршы колдонулат. Чурку оорусунда колдонулуучу бандаж ар кандай себептер менен операция жасоого мүмкүн эмес чуркуда, белгилүү мөөнөткө гана кийилет.