БАНДАРАНАИКЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАНДАРАНА́ИКЕ Сиримаво, Р а т в а т т е Д и а с (17. 4. 1916, Ратнапура – 10. 10. 2000, Коломбо) – Шри-Ланканын (1972-жылга чейин Цейлон) мамлекеттик жана саясий ишмери. Күйөөсү С. Бандаранаике өлтүрүлгөндөн кийин (1959) Эркиндик партиясын жетектеп калган. Бир нече жолу өлкөнүн премьер-министри (1960–65; 1970–77; 1994–2000) болгон. Бандаранаике мындай жогорку постту ээлеген дүйнөдөгү алгачкы аял болуп саналат. Тышкы саясатта тынчтыкта жанаша жашоо жана эч кандай саясий блокторго кошулбоо, Инди океан бассейнинде жайгашкан согуштук базаларды жоюу саясатын жүргүзгөн. Ички саясатта улуттук экономиканын мамлекеттик секторун өнүктүрүү, нефть өндүрүүчү чет элдик компанияларды жана жеке менчик плантацияларды улутташтырууну, буддизмге мамлекет дин статусун берүүнү колдогон. Анын тушунда Шри-Ланка Шериктештиктин курамындагы доминиондон демократиялык социалдык буддалык республикагага айланган. 1977-жылы шайлоодо анын партиясы жеӊилип, 1980-жылы Бандаранаике парламенттен чыгарылып, жарандык укуктарынан ажыратылган. 1980-жылдын аягында кайрадан саясий ишмердүүлүгүн улантып, 1994-жылы кызы Ч. Кумаратунгинин президент болуп шайланышы менен кайрадан премьер-министрликке дайындалып 2000-жылга чейин иштеген.