БАНДЕРА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАНДЕРА Степан Андреевич́ (1. 1. 1909, Эски Утринов, Австрия-Венгрия, Лодомерия жана Галиция королдуктары – 15. 10. 1959, Мюнхен, Германия Федративдүү Республикасы) – Украина улутчулдар уюмунун лидери. 1934-жылдан анын аткаруу комитетинин төрагасы. 1934-жылы Польшанын тышкы иштер министрине кол салууну уюштургандыгы үчүн өлүм жазасына өкүм кылынган, жаза түбөлүк камак менен алмаштырылган (1939-жылы бошотулган). 1941-жылы июнда Львовдо Украинанын көз каранды эместигин жарыялаган. 1941–1944-жылдары немецтик концлагерде отурган. 1945–1947-жылдары Батыш Украинада аракеттенген козголоӊчулар армиясын жетектеген. Атайы уюштурулган террордук актынын натыйжасында өлтүрүлгөн.