БАНДИКУТТАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

б а ш т ы к ч а н   к а ш к у л а к (Peramelidaе) – баштыкчандар тукуму, башка класиификация б-ча түркүм.  Дене уз. 17-50 см, куйругу6-26 см, садм. 4,7 кг.  Шиш тумшугу узун.Түгү же узун ж-а жумшак, же кыска ж-а  катуу. Жону боз, боз-көгүш;   саргыч,  кызгылт же кара-күрөң;  жонунун арт жагында кочкул чийими бар;    боороу агыш, боз жн саргыч.  Алдыңкы  кыска бутунун экинчи, үчүнчү ж-а төртүнчү, чоң   тырмактуу манжалары  биринчи ж-а  бешинчи манжаларынан узун. Арткы бутунун экинчи ж-а үчүнчү манжалары биригип өскөн (синдактилия),  тырмактары гана бирикпеген.   Бириккен манжалары терисин тазалоодо пайдаланылат.  Баштыкчандардын ичинен жалгыз Б. чөптүү жаныбар болуп саналт.  Б-дын 7 уруусу,  17 түрү Австралия, Тасмания, Жаңы Гвинеяда ж-а ага жанаша аралдарда таралган. Калың чөптүү талааларда, өзөн  жээктеринде ж-а   сазда, бадалдуу  ж-а токойлуу жерлерде  кезигет.   Өтө сак ж-а түнкү жаныбар. Жер бетинде жашайт.  Майда жаныбарлар ж-а өсүмдүктөр, көбү курт-кумурскалар м-н азыктанат. Жылына бир жолу 2-8 чөндөлөй тууйт. 10 жылга чейин жашайт. Б-дын 7 түрү ТКЭСтин Кызыл китебине катталган.