БАНКНОТТОР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАНКНОТТОР (англисче bank-note) – эмиссиялык банктар чыгарган кредиттик акчанын түрү. Банкноттор XVII кылымдын аягында товар-акча мамилелеринин жана төлөм айланышынын өнүгүшү менен пайда болгон. Банкноттор айланма каражат жана төлөм каражаты катары металл акчаны алмаштырат. Азыркы банкноттор алтынга алмаштыруу милдетинен куткарылгандыктан, кагаз акчадан көп айырмаланбайт.