БАНК КРЕДИТИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАНК КРЕДИТИ банк тарабынан өзүнүн же тартылган акча каражаттарынын белгилүү бир үлүшүн убактылуу пайдаланууга берилиши. Материалдык баалуулуктарды күрөөгө коюу менен же күрөөгө коюусуз деле, ошондой эле ссуда, векселдерди эсептөө, баалуу кагаздарды банктын сатып алуусу түрүндө берилет. Ссудалар мөөнөтү боюнча (узак мөөнөттүү жана кыска мөөнөттүү), тармактык структурасы боюнча (өнөр жай, айыл чарба, транспорт ж.б. ишканаларына ссуда), максаттуу багытта (товар-материалдык баалуулуктарга, эсеп документтерине, айланма каражаттарды толтурууга) болуп бөлүнөт. Азыр кредиттин форфейтинг, факторинг ж. б. түрлөрү кеӊири тараган.