БАНТУ ТИЛДЕРИ
БА́НТУ ТИЛДЕРИ – бенуэ-конгол тил тобу; Африканын борбордук ж-а түштүк аймагында жашаган банту элдеринин тили. Грамматикалык жана сөздүк курамы боюнча бири бирине өтө жакын, типологиялык жактан флексия элементтери бар агглютинативдүү тилдерге кирет. Илимий бантуистика 19-кылымдын ортосунан өрүш алган. М. Гасринин классификациясы боюнча Банту тилдери 15 зонага бөлүнүп, көп сандаган тилдерден турат. Анын негизгилери: суахили (Танзания ж-а ага чектеш өлкөлөрдөгү адамдар сүйлөйт), ньямвези, сукума, кикуйю, камба, конго, нгала (лингала), луба, мбунду, рунди, руанда, ганда, (луганда), дуала, эвондо (яуенде), булу, суто, чуана, ошондой эле шона, коса, зулу тилдери. Суахили тилинин таралуу чөйрөсү өтө тездик менен кеӊейип, тропиктик Африканын чыгыш бөлүгүндөгү көпчүлүк өлкөлөрдүн калкынын өз ара байланыш каражатына айланууда.