БАРАК СУЛТАН
БАРАК СУЛТАН [(каз. Барақ султан), болжол менен 1717-жылдары туулган – 1750-жылы март айына чейин, Карнак шаары (азыркы Казакстан Республикасы, Түркстан облусу, Атабай айылы)] – Орто жүздүн ханы (1749–1750). Кыргыздардын оозеки жана жазма тарыхында «Көкжарлы Барак», «Көкжал Барак», «Санбарак» түрүндө кезигет. Ч. Валиханов боюнча «жеңилбес султан (көкжал)» Барак Чыңгыз хандын тукуму Жаныбектен (1473–1480) тарап, атасы 1717-жылы өлгөн Турсун хан болгон. Шаакерим Кудайберди уулу аны «Кырк сан Барак» деп атаган. 1723–1730-жылдары Волга жээгиндеги калмактар (кара: Калмак хандыгы) жана жуңгар баскынчыларына (кара: Жуңгар хандыгы) каршы жүрүштөргө катышкан. 1738–1842-жылдары тарыхта «Карасакал» деген ат менен калган башкыр элинин уулу Миңлигул (Миндигул) Жолоевге кошулуп, орус, калмак жана жуңгар баскынчыларынын тынчын алып турган. 1743-жылы Оренбургдун губернатору И. И. Неплюевдин талабын канааттандыруу үчүн орус бийлигин кабыл алууга аргасыз болгон. Орустардын жазма маалыматтарында Барак өзүнүн мартабасын көтөрүп, атак-даңкын чыгаруу үчүн коңшулаш жашаган уруу, элдер менен тынымсыз чабышып турганы, былыгы көп болгону айтылат. Мисалы, 1743–1744-жылдары орус падышасы тарабынан сыйга жиберилген кылыч берилбей калганын укканда Оренбург чебин чаап алуу үчүн 4 миң кол даярдап, бул ишке Орто жүз ханы (1748–1770/71) Абылмамбет кийлигишүүгө аргасыз болгон. 1744–45-жылдары Карасакалды кармап берүүнү убадалашып, Жуңгар ханы (1727–1745) Галдан Церен (кара: Калдаң Серең) менен келишим түзгөн жана аны бекемдөө үчүн 1744-жылы уулу Шыгайды аманатка берген. Атааңдаштык жана ич күйдүүлүктүн айынан 1748-жылы 1-августта Улукаяк жана Торгой сууларынын жээгинен Кичүү Жүздүн ханы Абулкайырды өлтүргөн. Алгач Ч. Валиханов, андан кийин Б. Солтоноев кыргыз менен казак элинин ортосундагы мамилелердин бузулушуна башкы себепчинин бири Барак султан экенин белгилеп кетишкен. Б. Солтоноев боюнча кыргыздар «Анжиян, Алайдан келип, жерине орношкондо, казакка көрсөткөн кордугуна чыдай албай 1770–71-жылдары көк жал Барак 5 миң кол менен келип» согуш баштаган. Кыргыздын оозеки санжыраларында Боролдойдон башталган бул согуштун акырында Кыргызстандагы, азыркы Кочкор районуна караштуу, Кочкор-Ата мазарында казактар жеңилип, Кочкордун аягы, Кескен-Таштан Барактын башы алынганы, анда Эсенкул баатыр, Темир уулу Черикчи ж.б. эрдиктери айтылат. Бирок ошол мезгилдерде жазылып калган Барак султандын саясий ишмердүүлүгүнө тиешелүү архивдик документтерде казак султанынын азыркы Кочкор өрөөнүнө чейин келгени тууралуу маалымат жок. Оозеки санжырачыларды жогорудагы «Боролдой» деген жердин аты (топоним) жаңылдырышы мүмкүн. Анткени азыркы Казак Республикасына караштуу Чымкент шаарынын чыгышындагы Кара-Тоонун негизги бөлүгү «Боролдой кырка тоосу» деп аталат. Ошол тоодон агып чыккан Боролдой суусунун оң жак куймасы Кочкор-Атанын (каз. Кошкарата) башындагы мазар бүгүнкү күнгө чейин сакталып калган. 1748-жылы сентябрь айында Бузулук чебинен жашыруун тапшырма менен Түркстанга жиберилген тилмеч М. Арапов Барак султандын кол алдында төрт жарым миң кол болгонун, ага Төлө бийдин 500 колу кошулуп, султандын алдында баардыгы накта, беш миң кол бар экенин уккан. Муну менен кошо Төлө бийдин Араповго берген көрсөтмөсүндө Сузак, Икан, Сайрамдагы сарттар Баракты хан деп таанышарын жана алар аны Улуу жүзгө хан кылып алууну эп көрүп турганын билдирген. Мындан тышкары каракесек уруусунун Мойнок деген бийи жакында «казактар Туркестанттан 6–7 күнчүлүк жердеги Чүй суусунун жээгине көчкөнү» жатканын Араповго өз алдынча эскерткен. Ошол эле 1748-жылы орус падышасына жазган катында Барак султан өзүнүн «сан» колдуу экенин жана «коңурат кыргыз-кайсактарынын сан (б. а. он миң) кишиси Улуу Урматтуу Император айымдын бийлигин таанууга макул болуп, мени, Баракты хан шайлап алмай болгонун» билдирген. Барак султандын кыргыздарга каршы жортуулга камынып жатышы Оренбург губернатору И. Неплюев 1748-жылы октябрь айында Россиянын тышкы иштер Коллегиясына жиберген катында да жолугат. Анда ал «Барак султан азыр өзүнүн 3 миң түтүн эли менен Сарысууда» турганын, жакында эле жуңгарларга кабарчы жиберип, «кыргыздар («киргисцы»)» аларга кол салууга даяр экенин, ошондуктан «калмактардан жардам сурап» жатканын маалымдаган. Барак султан тууралуу маалыматтар ушул учурдан баштап токтоп калган. Анткени Абулкайырдын ордуна анын уулу Нуралыны хандыкка шайлаган Кичүү жүз урууларын өз жагына тартуу максатында орус падышасы (1741–1762) Елизавета Петровна 1749-жылы сентябрь айынан баштап Барак султан менен байланышууга биротоло тыюу салган. Айрым маалыматтар караганда Абулкайырдын кегин куугандар 1750-жылы Карнак шаарында ага уу берип өлтүрүшкөн. Сөөгү Түркстан шаарына коюлган.
Ад.: Валиханов Ч. Ч. Собр. Соч.. в 5 томах. А., 1961. Т. 1, 1985. Т. 2; Казахско-русские отношение в XVII–XVIII веках (Сб. документов и материалов). А., 1961; Акатаев С. Барактын көбү кайсы, көкжалы кайсы? //Жылдыз. А., 1986. № 5; Сулейменов Р.Б., Моисеев В. А. Из истории Казахстана. А., 1988; Цинская империя и казахские ханства (вторая половина XVIII–первая треть XIX в.) 2 часть. А., 1989; Солтоноев Б. Кызыл кыргыз тарыхы. Б., 1993, Т. 1, 2; Сапаралиев Д. Взаимоотношения кыргызского народа с русскими и соседними народами в XVIII веке. Б., 1995; Шаакерим Кудайберди уулу. Түрк, казак, кыргыз жана хандардын шежиреси. А., 2004; Алымбектин санжырасы. Б., 2007.
Э. Турганбаев