БАРА-АЛБАС ӨРӨӨНҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРА-А́ЛБАС ӨРӨӨНҮ Борбордук Теӊир-Тоодо, Ак-Шыйрак суусунун алабында. Батышынан жана түндүгүнөн Борколдой, түштүгүнөн Боз-Жалпак, Ак-Зоо тоолору менен чектешет. Узундугу 63 км (Кайчы суусунун чатына чейин), жазы жери 2 км. Деӊиз деӊгээлинен бийиктиги 2900–3700 м, курчап жаткан тоолордун салыштырмалуу бийиктиги 300–900 м. Өрөөндүн башы эки айрыкка бөлүнөт: сол айрыгы Ыштык өрөөнү деп аталат, анын башында Ыштык ашуусу бар (3689 м бийиктикте). Өрөөндө байыркы мөӊгүнүн таасиринен пайда болгон рельефтин формалары басымдуу. Баш жагында узундугу 20 км келген тепши сымал өрөөн, андан төмөн өрөөн кеӊейип, 6 тектирден турат. Бикиртик жана Кайчы сууларынын чаттарынын аралыгында (12 кмге) өрөөн кууштап, тереӊ (800–1000 м) капчыгай аркылуу Ак-Шыйрак өрөөнүнө чыгат. Төмөн жагында жапыз адырлары бар. Климаты континенттик, суук. Январдын орточо температурасы –20...–21°С, июлдуку 4–5°С. Жылдык жаан-чачыны 300–350 мм. Өрөөнгө субальп, альп шалбаасы жана шалбаалуу талаасы (3400 м бийиктикке чейин), андан жогору субнивалдык ландшафттары мүнөздүү.