БАРИОН ЗАРЯДЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРИОН ́Н ЗАРЯДЫ, б а р и о н с а н ы – элементардык бөлүкчөлөрдүн ички мүнөздөмөлөрүнүн бири. Бариондор үчүн барион заряды бирге, антибариондор үчүн минус бирге барабар. Бөлүкчөлөр системасынын барион заряды барион менен антибарион сандарынын ортосундагы айырмага, ал эми атом ядросунуку анын массалык санына барабар.