БАРИТОН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАРИТО́Н (грекче вfrys – оор жана tjnos – төмөнкү тон) – 1) бийиктиги боюнча тенор жана бас үндөрүнүн ортосундагы эркектердин коӊур үнү. Лирикалык баритон мүнөзү жагынан тенорго, ал эми драмалык баритон баска жакын келет; 2) саксгорндор тобундагы үйлөмө музыкалык аспап; 3) виолалар тобундагы кылдуу тартма музыкалык аспап.