БАРМАК ЫР ТҮЗҮЛҮШҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРМАК ЫР Т́ҮЗҮЛҮШҮ – түрк элдеринин байыртан келе жаткан ыр системасы. Ага ар бир сапта муундардын санынын бирдейлиги мүнөздүү. Махмуд Кашгаринин «Түркий тилдер сөз жыйнагы» мына ушул ыр түзүлүшүндө жазылган. Кыргыз акындарынын ырлары көбүнесе бармак системасына негизделген. Көбүнчө ыр саптары 7, 8, 9 муундан турат (негизинен кыргыз ырында 5–15ке чейинки муундар бар).