БАРНАУЛ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАРНАУ́Л – Россия Федерациясындагы шаар (1771-жылдан). Алтай крайынын административдик борбору. Обь дарыясындагы порт. Калкы 631,2 миӊ (2021). Темир жол тоому. Машина куруу (мотор, буу казан, мех. пресс, транспорт, машина куруу заводдору), жеӊил (меланж жана кебез-кездеме комбинаты), химия (химиялык була комбинаты, шина, резина-техника буюмдары, асбест-техника буюм заводдору ж. б.), тамак-аш өнөр жайы; 6 ЖОЖ (анын ичинде Алтай университети), 4 театр, 2 музей (сүрөт жана колдонмо өнөр) бар. 1730-жылы негизделген.