БАРОКУХ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БАРОКУХ – тарыхый топоним, Ош шаарынын аймагындагы Сулайман тоосунун мурунку аты. Ал адабиятта XIV кылымдын башынан белгилүү. Адегенде (1303-жыл) кашкарлык тарыхчы Жемал Карши «Барака» формасында эскерет. Захиреддин Бабур өзүнүн китебинде Барокух– тоо, Ош чебинин түштүк-чыгышында жайгашкандыгы, тоонун үстүндө эки чакан хужра («таш үй») тургандыгы, анын ылдыйкысын 1496–1997-жылдары өзү курдургандыгы, тоодон табылган өтө кооз таштан бычакка сап, курга каӊылтыр жана башка буюмдар жасалары; тоодон чоӊ булак агып түшкөндүгү жана башкалар жөнүндө жазат. Барокух фарс, тажик тилдеринде – «Сонун тоо» (баррок – сулуу, көркөм, сонун, кооз; кух – тоо маанисинде). Кийин бул энчилүү ат унутулуп, тоо бара-бара Сулайман тоосу аталып калган.
С. Өмүрзаков.