БАРОМЕТРЛИК НИВЕЛИРЛӨӨ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРОМЕТРЛИК НИВЕЛИРЛӨӨ – жер бетиндеги эки чекиттин бийиктик айырмасын аныктоо үчүн колдонулуучу ыкма. Барометрлик нивелирлөө бийиктикке көтөрүлгөн сайын абанын басымы төмөндөй тургандыгына негизделип, атмосферанын басымын өлчөө менен жүргүзүлөт. Эки чекиттин бийиктик жана атмосфералык басым айырмаларынын ортосундагы байланыш барометрдик формула боюнча эсептелет. Басым барометр, анероид менен өлчөнүп, температура жана нымдуулукка карай түзөтүүлөр киргизилгенден кийин, бийиктикти 3 мге чейинки тактыкта аныктоого болот.