БАРСБЕК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРСБЕК , Ы н а н ч у А л п Б и л г е – 7-кылымдын аягы–8-кылымдын башында Енисейдеги Кыргыз кагандыгынын башкаруучусу. Анын тушунда кыргыздардын элчилери Кытайга, Тибетке, Түргөш кагандыгына жиберилип турган. Барсбек өзүн түрк башкаруу иерархиясында эӊ жогорку титул – Барсбек каган Ынанчу Алп Билге деп атаган. Ал Борбордук Азияда үстөмдүк кылуу үчүн Экинчи Чыгыш Түрк кагандыгына ачыктан-ачык каршы чыккан соӊ, өлкөнүн коӊшу мамлекеттер арасында кадыр-баркы ого бетер жогорулаган. Түрк каганы Капаган жооп иретинде күчтүү аскерлери менен 703-жылы кыргыз жергесине жортуул уюштурган. Бирок, ал жүрүш ийгиликсиз аяктап, Билге каганга арналган эпитафиялык эстеликте: «Биз ошол мезгилде ага каган титулун ыйгардык жана ага менин кичүү карындашымды бердик», – деп чегилген жазуу бар. Өтө текебердүү Капаган каган оор шартта гана Барсбектин даражасын таануу менен Элтерис кагандын кызын ага канышалыкка бергендиги

белгилүү. Бирок буга карабастан, Барсбек каган табгачтар (кытайлар), «он ок (элинин) каганы» (түргөштөр), чик, аз сыяктуу түрк уруулары менен Орхондогу түрктөргө каршы согуштук ынтымак түзүүгө жетишкен. 707–709-жылдары түрктөр Кыргыз мамлекетине каршы согуш аракеттерин жүргүзүп жаткан учурда, Барсбек каган Тан империясына удаа-удаа үч элчилик, ошол эле мезгилде Чүй өрөөнүндөгү түргөш каганы Сакалга да Эзгене башында турган элчилик жиберген. 709-жылы курамына Кыргыз кагандыгы, Тан империясы, Түргөш кагандыгы кирген күчтүү биримдик пайда болот. Ошол эле жылы түрк каганынын көрсөтмөсү менен канзаада Могилян (келечектеги Билге каган) кыргыздар менен ынтымак түзгөн чик, аз урууларын талкалап, азыркы Тыва аймагын ээлеп алган. Оор абалда калган кыргыздарга кытайлар, түргөштөр жардам көрсөтүшпөгөндүктөн, Барсбек каган 710-жылы алардын душманы болгон Тибетке Эрен Улуг башында турган элчилик жиберген. Бирок, тибеттиктер Барсбек менен байланыш түзүүгө макул болгон эмес. Саян кырка тоолору тосуп турган Кыргыз жергесин басып кирүү түрктөргө бир топ кыйын болгон. Алар аздардан бир жол көрсөткүч менен бара жатканда, ал атайылаппы же чын элеби, айтор адашып калгандыгы үчүн өлтүрүлүп, ал эми түрктөр катаал шартта калышкан. Бирок, буга карабастан, Тонйукук жана Күлтегиндин кошууну 710-жылдан 711-жылга караган кышта Көгмен (Саян) тоосун ашып, капысынан кыргыздарга түн ичинде кол салган. Суӊга деген чер токойлуу жерде Барсбек баатырларча согушуп, курман болгон. Орхон түрктөрү аны каармандарча күрөшкөн жоосу катары аздектешкендигин Күлтегинге арналган эстеликтеги жазуудан баамдаса болот. Енисей кыргыздары бир катар рун жазма эстеликтеринде Барсбекке жоктоо, кошок сөздөрүн багышташкан. Енисейдин Алтын-Көл деген жеринен табылган эстеликте Барсбек тууралуу:

Барсбектин урматына тургузулган таш эстелик. Минусинск музейи. Хакасия.

«Төрт инелгү бизни эрклиг адырти йыта. Эр эрдем үчүн иним эчим уйарын үчүн беӊгүмин тике берти» – «Төрт агайын асылзат элек. Бизди Эрклиг (ажал кудайы) айырды. Аттиӊ! Эр жигиттик каармандыгым үчүн инимин, агамын ак сөөктүгү үчүн мага түбөлүк эстелик тургузушту», – деген саптар бар. Бул эстеликтердин (кошоктордун) жазылышы да «кыргыз бодун» деп Орхон жазмаларында аталган кыргыз элинин ички биримдигин айгинелейт.
Ад.: Джунушалиев Д., Какеев А., Плоских В. Исторические этапы кыргызской государственности. Б., 2003; Барс-бег – каган кыргызов. /Под ред. А. Ч. Какеева. Б., 2003; Худяков Ю. С. Кыргызы на просторах Азии. Б., 1995. В. Плоских, сүрөтчүсү Р. Исаков.