БАРСКАН чоң балка

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БАРСКАН 2 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРСКАН – темирчилик устаканасында колдонулуучу чоӊ балка. Темирден төрт чарчы көлөмдө жасалып, жыгач сап сапталат. Элибизде «Балкачынын миӊ урганы – барсканчынын бир урганы» деп айтылгандай, Барскан устачылыкта темирди ийге ылдам келтире алгандыгы менен балкадан айырмаланат.