БАРСКОН КАПЧЫГАЙЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРСКОН КАПЧЫГАЙЫ – Тескей Ала-Тоонун түндүк капталындагы ири капчыгайлардын бири. Тескей Ала-Тоонун суу бөлгүч тилкесинен Ысык-Көлдүн түштүк жээгине чейин 60 км аралыкта созулуп жатат. Деӊиз деӊгээлинен 1608–3500 м бийиктикте. Капталдары тик (60–70°ка чейин) жана бийик (2 кмге чейин); таманы төр жагында кууш (150–300 м). Генезистик тиби боюнча көп бөлүгү кууш эрозиялык капчыгай, жогорку жагы төр тибинде. Капчыгайда протерозой жана палеозойдун кристаллдык тектери (гранит, сланец, гранит-диорит ж. б.), тоо этектеринде неоген менен төртүнчүлүк мезгилдин чөкмө тектери, төмөнкү бөлүгүндө көл жээгиндеги аллювий-пролювий чөкмөлөрү таралган. Рельефи боюнча үч бөлүктөн турат. Жогорку бөлүгү бийик тоолуу аймакка туура келет; байыркы жана азыркы мөӊгүлөр өөрчүгөн; төр, тепши сымал өрөөндөр, аска ж. б. морфоскульптуралар мүнөздүү; ортонку бөлүгү орто бийиктиктеги жана жапыз тоолор зонасында; эрозия-денудациялык морфоскульптуралар негизинен тереӊ капчыгайлар (1 кмге чейин куюлма шагылдар ж. б.) мүнөздүү; кооз шаркыратмалар бар; төмөнкү бөлүгү көл жээгиндеги түздүккө туура келет (капчыгайдын оозунан көлгө чейин); аллювий, пролювий шиленди

Барскон капчыгайынын борбордук бөлүгү.

конусу ээлейт; дарыя нугунун түбү жайык (500–600 мге чейин), капталдары тик. Капчыгай аркылуу Барскон суусу агып өтөт. Климаты мелүүн континенттик; кышы суук, жайы салкын, январдын орточо температурасы –5...–8°С, июлдуку 12–17°С. Жылдык жаан-чачыны 350–600 мм. Капчыгайда жалпы аянты 0,48 км2ге жеткен чакан көлдөр бар. Көл жээгиндеги түздүккө кургак талаа, тоо этегине шалбаалуу талаа, орто бийиктиктеги тоолорго карагай-бадалдуу токой, бийик тоолуу бөлүгүнө субальп, альп шалбаасы жана бийик тоолуу субнивалдык ландшафттар мүнөздүү. Токой чарбасы бар. Жайкы жана кышкы жайыт үчүн пайдаланылат. Капчыгай аркылуу Жогорку Нарын, Ак-Шыйрак сырттарына жана Кум-Төр алтын кенине баруучу автомобиль жолу өтөт.