БАРХАНДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАРХАНДАР – рельефтин кумдуу чөлдөрдөгү формасы; жыӊалач эшилме кум дөбөлөр. Шамал кумду учуруп чогултушунан пайда болот. Жарым ай же орок сымал түзүлүштө болуп, айдарым капталдары айдөөш (5–14°) жана узун, шамалга ыктоо (ийилген) жагы тик (30°ка чейин) жана кыска келип, учтуу «мүйүзгө» окшоп кетет. Бийиктиги 150 мге чейин. Оошуу ылдамдыгы жылына 100 мдей. Жылаӊач кумдуу чөлдөр да жалпысынан Бархандар деп аталат.

Кумдуу чөлдөгү бархан.