БАС

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАС (италянча basso – төмөнкү) – 1) эркектердин эӊ жоон үнү. Жогорку жана төмөнкү бас деп бөлүнөт; 2) көп үндүү музыкалык чыгармалардагы эӊ төмөнкү партия; 3) төмөнкү регистрдеги музыкалык аспаптар – туба-бас, контрабас, бас-кыяк, бас-комуз жана башкалар; 4) аккорддун төмөнкү үнү.