БАСАӉДАТКЫЧ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСАӉДАТКЫЧ, а м о р т и з а т о р – машина конструкциясында, курулушта чоӊ күчтөн жана титирөөдөн коргоочу, урулуп-согулууларды жумшартып, жеӊилдетүүчү түзүлмө. Басаңдаткыч урунуучу бөлүк менен урунуудан сакталуучу бөлүктүн (транспортто дөӊгөлөктүн огу менен тулкусунун) ортосуна орнотулат. Басаңдаткыч автомобиль өӊгүл-дөӊгүл жол менен жүргөн учурда термелүүнү басаӊдатуу, самолёт конордо жерге урунууну жумшартып жеӊилдетүү үчүн ж. б. учурларда колдонулат. Басаңдаткычтын конструкциясында тептирче (рессор), торсион, резина элементтери, ошондой эле суюктуктар, газдар ж. б. колдонулат.