БАСКАК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСКАК Чынгыз хандын каратып алган элдердеги ишенимдүү өкүлү. Аны даруга (моӊголчо мөөр ээси) деп да аташкан. Басып алынган элдердин кирешесинин ондон бир бөлүгү хан казынасына жана он адамдан бирөө хан аскерине алынууга тийиш болгон. Монголдор каратып алышкан жерлерде жергиликтүү элдердин өкүлдөрүн башкаруучу кылып дайындоо менен аларды көзөмөлдөп туруу жана салык чогултуу үчүн хан чөйрөсүнөн чыккан атайын адамдар – Баскактар дайындалган. Баскак системасы 1252-жылы эл каттоонун жүрүшүндө киргизилген. Баскактын карамагында жазалоочу атайын аскерлери болгон. Алар кокусунан кол салуудан сактануу үчүн шаардын сыртында турушкан. Орустар алар турган жерлерди «татар слободасы» деп аташкан. Эгерде кайсы бир князь хандын буйругун аткарбай же салык төлөөдөн баш тартса, Баскак өз аскерлери менен аларга каршы аттанып, жазалап турган.