БАСМАЧЫЛЫК

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСМАЧЫЛЫК – Орто Азияда 1918–30-жылдарда Совет бийлигине каршы чыккан кыймыл. 1917-жылы 1-ноябрда Түркстан крайынын борбору Ташкентте Совет бийлиги орногон. 15–22-ноябрда Түркстан Советтеринин 3-съездинде аймактагы алгачкы Совет өкмөтү курамы 15 кишиден турган (7 большевик, 8 солчул эсерлер) Эл комиссарлар совети (ЭКС) түзүлгөн. Өкмөттүн курамына жергиликтүү элдин бир да өкүлү кирген эмес. Бул большевиктердин эӊ чоӊ саясий катачылыгы болгон. 1917-жылы 2-декабрда кабыл алынган «Россия элдеринин укуктарынын декларациясындагы» бардык элдердин теӊ укуктуулугу жана суверендүүлүгү, алардын өз тагдырын өздөрү эркин чечүүгө, өзүнчө бөлүнүп, өз алдынча мамлекет түзүүгө укуктуулугу тууралуу жоболордун негизинде Түркстандын улуттук жана диний партиялары («Шура-и Ислам», «Алаш», «Шура-и-Улеми») аймакка автономия статусун берүү менен акырындап Советтик Россиядан чыгарууну көздөшкөн. Ушундай максат менен жалпы мусулмандардын 4-курултайы (12–16-ноябрь, 1917-жыл) М. Тынышпаев, кийин М. Чокоев башында турган Кокон автономиялуу өкмөтүн (өкмөткө М. Тынышпаев жана М. Чокоев мүчө болгон) түзгөн. Натыйжада Түркстанда кош бийлик орнойт: биринчиси – большевиктер башында турган Ташкенттеги Совет өкмөтү, экинчиси – жергиликтүү ар кайсы улуттун өкүлдөрүнөн жана «Шура-и Ислам», «Алаш» ж.б. партияларынын мүчөлөрүнөн турган Кокон автономиясы. Аймакта күндөн-күнгө Кокон автономиясынын кадыр-баркы жогорулап, жергиликтүү элдин колдоосуна ээ болот. Басмачылык кыймылынын башталышынын негизги себептеринин бирине 1918-жылы 10–31-январь аралыгында Верный шаарында өткөн Жети-Суу облустук казак-кыргыздардын экинчи съезди да түрткү болгон. Ага катышкан кыргыз-казак саясий ишмерлери бул съездин чечимдерин иш жүзүнө ашыруу үчүн алды менен бул жакта күч алып бараткан большевизм менен күрөшүү кажет деген жыйынтыкка келип, аны менен катар тез арада казак, кыргыздардан куралган милиция түзүү жөнүндө чечим кабыл алышкан. Түркстан Крайлык Советинин 4-съезди Кокон автономиясын мыйзамсыз деп эсептеп, анын өкмөт мүчөлөрүн 1918-жылы февралда камакка алышат. Милициянын начальниги Эргеш башында турган Кокон автономиясынын аскерлери Кокондон качууга аргасыз болушат. Большевиктик партиянын жана Совет өкмөтүнүн динге каршы жаӊылыш саясаты, оокаттуу адамдарды куугунтукташы элдин кыжырлануусун күчөткөн. Мындан тышкары ачарчылык, жумушсуздук, ошондой эле ЭКС тарабынан Түркстан аймагында шарият мыйзамдарын жокко чыгарылышы кыймылдын күч алышына өбөлгө болот. Түштүк Кыргызстанга кеӊири жайылган Басмачылык кыймылын Калкожо, Мадамин бек, Мойдун бек, Эргеш, Рахманкул, Көршермат, Аман палван ж.б. кор башылар жетектеген. 1918-жылдын жаз айларында Ош шаарынын аймагында кыймыл күч ала баштаган. Күзүндө Фергананын чыгышын Мадамин бектин тобу каратып алган. 1919-жылы августта «Түркстан мусулман ак гвардиясынын» башчысы Мадамин бек Түштүк Кыргызстандагы армиянын командачысы К. Монстров менен Совет бийлигине каршы биргелешип күрөшүү тууралуу согуштук-саясий макулдашуу түзүшөт. 1919-жылдын сентябрь-октябрь айларында алардын бириккен куралдуу күчтөрү Ош, Жалал-Абадды басып алышып, Анжиянды бөлүп салышат. Ошол эле жылы Фергананын «Убактылуу өкмөтүн» түзүшөт. Анын курамына өкмөт башчысы жана аскер башчы катары – Мадамин бек, орун басары – Монстров, генерал Муханов (аскер министри), адвокат Ненсберг (ички иштер министри) ж. б. кирген. Мадамин бек басмачыларды бириктирүү максатында Айым кыштагында ири кошуундардын башчылары – Калкожо, Көршермат, Эргеш ж. б. башын кошуп, жыйын өткөрөт. Жыйында Мадамин бекти хан шайлашат. Аларды куралдандырууга англиялык өкмөттүн дипломатиялык тобунун башчысы Ф. Бейли, Ташкенттеги Америка консулу Р. Тредуэлл ж. б. активдүү катышкан. Жергиликтүү калк «Түркстанга Россия большевиктеринен эркиндик», «Түркстан – түркстандыктарга» ж. б. чакырыктар менен чыгып, басмачылардын катарын толуктай башташкан. Фергана өрөөнүндөгү татаал кырдаалга байланыштуу Түркстан Республикасынын Революциялык Совети РСФСР БАКка жардам көрсөтүү тууралуу өтүнүчү менен кайрылат. Ал эми жергиликтүү партиялык жана советтик органдар тарабынан бардык чаралар көрүлүп, үгүт-насаат иштерин жүргүзүү максатында Түркстан компартиясынын мусулман бюросунун кызматкерлери да кирген атайын комиссия түзүлгөн. Партиянын мүчөлөрүн (мусулмандарды) тез арада куралдандырып, алардан кошуундарды уюштуруу тууралуу токтом кабыл алынган. Бул учурда басмачылык кошуундар Мадамин бек кор башыга гана баш ийип, көптөгөн шаар-кыштактарды каратып алышкан. Совет бийлигин сактап калуу үчүн 1919-жылы 19-августта Түркстан фронту (командачасы М. В. Фрунзе) түзүлгөн. Мындан тышкары Москвадан Түркстан иштери боюнча өкмөттүк комиссия (Түрккомиссия) жиберилген. Анын курамына тажрыйбалуу партиялык жетекчилер: Ш. З. Элиава, М. В. Фрунзе, В. В. Куйбышев, Я. Э. Рудзутак ж. б. кирген. Түрккомиссиянын иш-аракеттери Совет бийлигин чыӊдоо, Орто Азия менен Советтик Россиянын союзун бекемдөө, улут саясатын туура жүргүзүү, б. а. Түркстан большевиктеринин кетирген кемчиликтерин жоюуга багытталган. 1920-жылы февралда М. В. Фрунзенин буйругу менен Жети-Суудагы кыргыз, казактардан өзүнчө кыргыз атчандар бригадасы түзүлгөн. Буга чейин 1919-жылы декабрда Токмок уездинде М. Масанчи командалык кылган дуӊган атчандар полку уюштурулган. Наманган уездинде А. Осмонбеков кыргыздардан турган отряд түзгөн. Бардык ири калктуу пункттарда жергиликтүү элдерден ыктыярдуу отряддар, коргонуу отряддары, милиция куралган. Түркстандагы советтик органдардын ишин мүнөздөөдө М. В. Фрунзе мындай деп жазган: «Басмачылар жөн гана каракчылар эмес, эгерде андай болсо, алар эбак эле талкаланмак. Басмачылыктын негизги күчүн мурдагы бийликке таарынычы бар, эч жерден колдоо ала албаган жүздөгөн, миӊдеген адамдар түзөт. Аларды мусулман калкы колдойт». М. В. Фрунзе Кызыл Армиянын аскерлеринен Фергананын ар бир айыл-кыштагына жардам көрсөтүүнү, жергиликтүү калктын ишенимине ээ болууну талап кылган. Кайрадан казы сотторун киргизген, вакуфтарды кайтарган. Басмачылык кыймылдын башталышында басмачыларды өз жердештери азык-түлүк менен камсыздаса, бара-бара мындай жыйымдар элге кыйынчылык туудуруп, нааразычылыктарды пайда кылган. Басмачылар алгач коӊшуларын, башкача айтканда өзбек басмачылар кыргыздарды тоносо, алар өз кезегинде өзбектерди, кийин көп учурда өз уруулаштарынан тартып алып, аларга ырайымсыздык менен зулумдук көрсөтүшкөн. 1919-жылдын аяк ченинде Басмачылык кыймыл улуттук-боштондук күрөштөн граждандык согушка айланат. Басмачылык топтору кээде Кызыл Армия менен убактылуу союз, келишим түзүшүп, өз ара согуша башташат. Кийинчерээк Кызыл Армиянын бийлигинин катарына Басмачылык кошуундар башчылары менен өтө баштап, алардын өтүнүчү менен кайрадан коммунисттер, кызыл армиячылар менен толукталган отряддар багынбай жаткан басмачыларга каршы жөнөтүлгөн. Мисалы, 1920-жылдын башында өз эрки менен багынып берген Мадамин бек жана Монстровдун адамдарынан М. В. Фрунзенин макулдугу менен Көршермат, Муэтдин жана Рахманкул кор башылардын кошуундарын талкалоо үчүн отряддар түзүлгөн. Басмачылык кыймыл башталган алгачкы учурда аны басууга чамасы жетпеген большевиктер Фергана өрөөнүнүндө тынч жашоо өткөрүп жаткан калкка ырайымсыздык менен мамиле кылышкан жана аларга жардам берүүгө келген армяндардын «Дашнакцутюн» куралдуу отряддары өзгөчө ырайымсыздыкты көрсөтүшкөн. Басмачыларды жоюуга аракет кылууда орус дыйкандарын жергиликтүү калкка каршы тукурган учурлар көп кезиккен. Мисалы, Фергана фронтунун командири Д. Е. Коновалов Базар-Коргон айылын басмачылардан тазалоону ага чектеш Никольское айылынын дыйкандарына тапшырган. Натыйжада Базар-Коргонду «басмачылардан тазалоо» шылтоосу менен куралчан орус дыйкандары 23 күн бою кыштакка кол салып, оор кылмышка барышкан. Фергана өрөөнүндөгү талкаланган басмачылардын кошуундары Алай, Памирден орун алып, бул жерден партиялык советтик кызматкерлерди өлтүрүп, айыл-кыштактарга кол салып турушкан. 1921-жылы август айында Бухара шаарында Түркстан улуттук интеллигенциясынын көрүнүктүү өкүлдөрү тарабынан «Түркстан Улуттарынын Биримдиги» аттуу уюм уюшулган. 1921-жылы 5–7-сентябрда Самаркандда VI конгресси өтүп, анда анын уставы жана Түркстандын туусу бекитилген. Түркстандын көз карандысыздыгын жарыялаган  бул уюмдун программасын, уставын жана башка документтерин иштеп чыгууда Т. Жанузаков өзгөчө роль ойногон. Ал тууралуу Велиди Тоган тууну түзүүдөгү комиссиянын ишине Мунаввар Кари менен Жаузаков ж. б. бир нече адам катышканын, тууга негиз кылып 11-кылымдагы Махмуд Кашгаринин эмгегинде сүрөттөлгөн селжуктар менен карахандардын туусун алганын, улуттук туу кызыл түстө болуп, аны Тимур жана Тимурлар доорундагы кол жазмаларда сакталып калган миниатюралардын негизинде иштеп чыкканын эскерет. 1922-жылдын июль айында өткөн Түркстан Борбордук Аткаруу Комитетинин 4-пленумунда Түркстан Эл Комиссарлар Кеңешинин төрагасы К. Атабаев алгач кыймыл талап-тоноочулук маанайда башталса, кийин саясий мааниге айланганын белгилеген. Ушул эле жылы Ферганада ири аскердик күчтөр топтолгон, айрыкча В. И. Лениндин көрсөтмөсү менен татар бригадасынын (командири Ибрагимов) келиши чоӊ мааниге ээ болгон. Ошондой эле 1920-жылы Москвадан жиберилген РКП(б) ж-а ББАКтын «Кызыл Чыгыш» үгүт-насаат поезди менен Орто Азияга жер-жерлерде ишти уюштурууга жардам берүү максатында ЭКСтин инструкторлору келген. Ушул мезгилде басмачылар биринин артынан бири жеӊилип, аларга колдоо көрсөткөндөн баш тарткан элди кырып, зордук-зомбулук көрсөтүшкөн. Согуштан тажаган эл Кызыл Армиянын катарына өтө башташкан. 1920-жылы 5-майда М. В. Фрунзе Кызыл Армияга жергиликтүү элден 19–35 жаштагыларды мобилизациялоо (Орто Азия элдеринин тарыхындагы биринчи мобилизация) тууралуу буйрук чыгарган. 1922-жылы атайын Кыргыз дивизиону түзүлгөн жана анын командири болуп С. Күчүков дайындалган. «Кызыл кыргыз милициясы», Ош уездинде Кадырбек Камчыбековдун, Наманган уездинде Арстанаалы Осмонбековдун отряддары уюштурулуп, алар армиянын катарында өзгөчө дайындалган куралдуу бөлүк катары салгылашкан. Басмачылардын калган майда бөлүктөрүн жок кылууда Кызыл Армия негизинен милиция отряддарын пайдаланган. Мисалы, Алай өрөөнүнө жиберилген курамына 80 аскер, 300 милиционер кирген отряд 36 күндүн ичинде өрөөндү басмачылардан бошотуп, Көршерматтын бир тууганы Орозмат, Манап паӊсат, Токтомат, Ашырбек паӊсат жана 51 басмачы колго түшкөн. 1921-жылы Муэтдин, Ташмат, Казакбай, Исламкул башчылык кылган Басмачылык кошуундар талкаланып, көпчүлүгү колго түшкөн. Ошол эле жылы Бухарага Түркиянын мурдагы министри Энвер паша келип, чачыранды басмачы кошуундарын армияга бириктирген жана мусулман калктарынан бирдиктүү мамлекет куруу чакырыгы менен чыккан. 1922-жылы жазында ал Бухара Совет Эл Республикасынын бир топ аймагын басып алган. Кызыл Армия тарабынан июнь айында Энвердин аскерлерине катуу сокку берилип, июлда Дүйшөмбү шаары бошотулган, август айында салгылашуулардын биринде Энвер каза тапкан. Бухара шаарындагы Ибрагим бектин (4 миӊдей адам), Хорезмдеги Жунаид хандын кошууну бир топко чейин каршылык көрсөтүүсүн улантышып, 1924–26-жылдары гана толугу менен жок кылынган. Басмачылардын чет өлкөгө качып кеткен топтору 1929-жылдын аягы – 30-жылдын башында кайрадан киришип, Орто Азиядагы айыл чарбасын коллективдештирүүгө тоскоол кылууга аракеттенишкен. Бирок, алардын бул максаты ишке ашпай, Совет бийлиги тарабынан талкаланган.
Ад.: Бай-мирза Хаит. Басмаческое движение. 1922; История Киргизской ССР. Т. 2, Ф., 1967; Фрунзе М. В. Избранные произведения. М., 1951. Великая Октябрская революция и гражданская война в Киргизии (1917–1920). Документы и материалы. Ф., 1957; Кыргызы и Кыргызстан: опыт нового исторического осмысления. Б., 1992.
С. Бегалиев, А. Кубатова.