БАСМА СӨЗ АГЕНТЧИЛИГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСМА СӨЗ АГЕНТЧИЛИГИ – гезит-журналдарды, телекөрсөтүүнү, радиоберүүнү, китеп басмаларын, өкмөттүк мекеме, саясий партияларды, коомдук уюмдарды жана жеке керектөөчүлөрдү маалыматтар менен камсыз кылып туруучу уюм. Башкача айткканда мезгилдүү басма сөздүн өнүгүшүнө байланыштуу 17-к-ылымда пайда болгон. 19-кылымдын 1-жарымында Басма сөз агентчилигинин бир бөлүгү «Телеграф агентчилиги» деген наам алган. 1935-жылы Ш. Гавас Францияда гезиттерди маалымат менен камсыз кылуучу атайын бюро уюштуруп, ал «Гавас агентчилиги» деген ат менен жүз жыл бою иштеп турган. Анын кызматкерлери Б. Вольф Берлинде «Вольфтун телеграф бюросун» (1849), П. Рейтер Лондондо бүгүнкү күнгө чейин иштеп келаткан «Рейтер» агентчилигин (1851) негиздеген. Россияда алгачкы Орус телеграф агентчилиги (РТА) 1866-ж. түзүлгөн. 1918-ж. Россия телеграф агентчилиги (РОСТА) уюштурулуп, кийин 1925-жылы Советтер Союзунун телеграф агентчилигине (ТАСС) айланган. Мындай уюмдар мурдагы бардык союздук республикаларда иштеп турган. Кыргызстанда ал КырТАГ (1937), «Кыргызкабар» (1992) деп аталган. Учурда «Кабар» (1995), «АКИПресс», «Интерньюс» ж. б. маалымат агентчиликтери иштеп жатат. Алар басма сөз органдарын маалымат жана алдынала даярдалган макала, очерк, баяндама, репортаж, фотоматериалдар менен камсыз кылат.