БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БАСМА СӨЗ ЭРКИНДИГИ – мамлекеттин конституциясы тарабынан гарантияланган адам укуктары менен эркиндиктеринин бири. Басма сөз эркиндиги 1789-жылы Францияда «Адам жана жаран укук декларациясында» жарыяланган. Басма сөз эркиндиги коомдо массалык маалымат басма каражаттарын (гезит, журнал, радио, телекөрсөтүү ж. б.) түзүү жана алар аркылуу ар кандай маалыматтарды эркин чыгаруу, таркатуу болуп саналат. Демократиялык мамлекеттерде аны кыянаттык менен жаман ишке пайдалануудан алдын ала сактоо максатында мыйзам тарабынан бир катар чектөөлөр белгиленет. Мындай чектөөлөр негизинен сөз эркиндиги укугундагы чектөөлөргө окшош болот. Жалпы коомдук, башкаруучулук, топтук, жеке кызыкчылыктарды, максаттарды чагылдырууда, билдирүүдө жана массалык ой-пикирлерди жаратууда, бийликке ж. б. коом чөйрөлөрүнө таасирин тийгизип, багыт берүүдө басылмалар өз алдынча эркиндик укуктарды кеӊири пайдаланышат. Учурда Кыргызстанда бардыгы 800гө жакын ММК, анын ичинен 500дөн ашык гезит, 100дөн ашык журнал, 20га жакын бюллетень, 30га жакын тиркеме, 35 телерадио компания бар. Булардын баары КРдин Конституциясы ж. б. бир катар мыйзам базаларына таянышат.
Т. Эсенгелдиев.